Октябрь райондук администрациянын кызматкери пара менен кармалды (видео)

201

Бишкектин Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу 17-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Финполго ишкер адам кайрылып, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн сектор башчысы март айынан бери ай сайын акча талап кылып келе жатканын айткан.

10-июнда ал кызматкер иш бөлмөсүнөн 14 миң сом алып жаткан жерден кармалган. Баштапкы иликтөө учурунда акимчиликтин кызматкери кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, ишкерлерден ай сайын 100 миң сомдой акча жыйнап жүргөнү аныкталды.

Кылмышка шектүү кызматкер Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь