Сузакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Бульдозер» колго түштү

209

17-май күнү Сузак РИИБне Базар-Коргон районунун 1983-ж.т. тургуну А.Р. арызданган. Ал өз арызында 1-май күнү саат 10:30 чамасында 17 жаштагы кызын өзүнө сырттан тааныш болгон Сузак районунун Анара аттуу жаран өзүнүн шериги менен Кара-Дарыя айылындагы адырга алып барып, эч бир себепсиз уруп-сабап коюшканын айтып кайрылган.

Жогорудагы факт боюнча милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1984-ж.т. К.О. кармалды.

Ал буга чейин 2012-жылы “Адам өлтүрүү” негизинде соттолгону жана ИИМде каттоодо турган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, каймана аты «Бульдозер» экендиги белгилүү болду. Учурда катталган кылмыш иши боюнча Сузак РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь