«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев 16-июнда “Азаттык” менен болгон маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу, аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу сунуштар боюнча көз карашын билдирди:

– Мен Атамбаевдин кыргыз тарыхындагы орду, анын келтирген залакалары так аныкталып, далилденип, элдин алдында да, соттун алдында да жооп беришин каалаган адамдардын биримин. Ага менин моралдык укугум бар деп эсептейм. Мен камалып калганыма өч алуу, таба кылуу максатында эмес, камала электе эле 2016-жылы Атамбаевдин кылмыштарын санап, импичмент маселесин көтөргөнбүз. Менин камалышымдын негизги себептеринин бири да ошол. Ошондуктан “Ата Мекен” партиясы 2016-жылы баштаган ишин аягына чыгарышы биз үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн да маанилүү деп ойлойм. Бирок “шашкан шайтандын иши” дейт. Мен айткам да, “мени түрмөдөн кол чабуулар менен чыгарасыңар” деп. Атамбаевди бүгүн шашып камап алып, эртең ал да кол чабуулар менен чыгышын мен каалабайм. Аны бүгүн шашып камап коюп, кийин өзү жактырбай, чанып жүргөн эл аралык уюмдарга кайрылса, алардын колдоосу менен акталып чыгып, каарман болушун каалабайм. Ошол себептүү күнөөнү коюш үчүн кылдат иликтеп чыгып, далилдерди таап, элди ынандырып, тарыхый документтерди бекемдеп, андан кийин жоопко тартыш керек деп эсептейм.

Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу комиссия түзгөн.

Булак: azattyk.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: