Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы каналга 33 жаштагы адам чөгүп каза болду. Мындай маалыматты ӨКМдин басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, 33 жаштагы тургун бүгүн таңкы саат 6да каналга адам чөгүп кеткен. Аны куткарууга 8 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин жыйынтыгында жарандын жансыз денесин каналдан табышкан. Учурда маркумдун сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.