Чүйдө эки унаа кагышып, инкассатордун унаасы оодарылып калды

215

Жайыл районунда кичи автобус менен инкассатордун унаасы сүзүштү. Чүй ОИИБнан билдиргендей, жол кырсыгы бүгүн, 17-июнда Полтавка айылында катталды.

Алдын-ала маалыматтар боюнча эки айдоочу бири-бирин күнөөлөп жатышат. Инкассатор унаасында акча бар болгон. Окуя болгон жерге башка инкассатор ыкчам келип, акча каражаттарды алып кеткен.

Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь