Ошентип, эки күндүк иликтөөдөн соӊ, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган тогуз айып алтыга чейин кыскартылды.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча корутунду бере турган комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Жогорку Кеӊештин атайын комиссиясы тарабынан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган алты айып:

  • Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар
  • Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар
  • «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы
  • Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар
  • Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси
  • Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: