Тарых музейин оңдоо боюнча кылмышка шектүүлөрдүн арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты айтылып жатат.
Бул тууралуу бүгүн Атамбаевдин кол тийбестигин караган депутаттык комиссиянын жыйынында маалымат берип жатып УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу билдирди
“Учурда бул иш тергелип, тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, азыр сотто каралууда. Бир кылмыш иши бөлүнүп, реестрге катталып, тергелүүдө. Шектүүлөр арасында экс-президенттин да аты бар”-деди.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов дагы 16-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеевдер бар экенин билдирген.
Башкы прокурордун сөзүнө караганда, музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тарткан.