Бишкекте 7 жашар кызды өлтүрө сүзүп кетти

142

Бишкекте айдоочу 7 жашар кызды сүзүп, кыз каза болду. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып, бирок кийинчирээк колго тушүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

17-июнь күнү саат 20:30да белгисиз бирөө Бишкектин Каралаев көчөсүндө бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзгөн.  Жол кырсыгынан алган жаракаттардан улам 7 жашар кыз каза болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында “Ауди ТТ” үлгүсүндөгү унааны башкарган 23 жаштагы М.И. аттуу айдоочу кармалды.

Унаа айып токтотуу жайына коюлуп, чогултулган материалдар Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь