Бишкек ШКУ саммитин өткөрүүгө канча акча каражат коротту?

102

13-14 июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөн ШКУ саммитине шаардык кызматтан 73 миллион 676 миң сом сарпталган. Бул тууралуу жыйында калаа башчысы Азиз Суракматов айтты.

Эң көп каражат кортокон “Бишкекасфальтсервис” – 40 млн. сом, “Бишкек Свет” – 12 млн. 556миң сом, «Тазалык» – 6 млн. сом, “Бишкек жашыл чарба” – 6,5 млн. сом.

Мындан тышкары райондук администрацияларга дагы акча каражаттар бөлүнгөн. Ленин акимиатына — 2 млн. сом, Октябрь администрациясына – 1 млн. 334 миң сом, Биринчи май районунан – 3 млн. 675 миң сом, Свердловго – 686 миң сом.

Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн саммитинде 21 документке кол коюлду. Отурумга ШКУга мүчө 8 өлкөнүн башчысы, 4 байкоочу өлкөнүн президенти катышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь