Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку баллды Жалал-Абаддык окуучу алды

118

Жалпы республикалык тестирлөөнүн эң жогорку баллы аныкталды. 238 балл менен кыргыз-түрк эркектердин лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алдыга чыкты.

Бардыгы болуп тестирлөөгө 43 440 окуучу катышып, 27 019 окуучу босого баллдан өттү.

Мындан улам орточо баллдын көрсөткүчү 119,5ке  көтөрүлгөн. Адистер муну менен билим сапаты жакшырганын айтышат. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги аймактарда өсүү көрсөткүчүн белгиледи.

Алдыңкы бешилтикке кирген бүтүрүүчүлөр:

1. Элдияр Чормонов – Курманбека баатыр атындагы кыргыз-түрк эркектер лицейи (Жалал-Абад ш.),

2. Нуртегин Көлбаев – №70 мектеп-гимназиясы (Бишкек ш.),

3. Аида Бөрүкулова – №1 мектеп-гимназиясы (Лейлек району),

4. Жеңишбек уулу Талантбек – «Семетей» лицейи (Кадамжай району),

5. Мамажанова Гүлшода – №20 кыргыз-түрк кыздардын лицейи ( Жалал-Абад ш.),

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь