Казакстанда 4 миң адам кармалды

335

Казакстанда шайлоо күнү нааразылык акцияларына чыккан жарандарды кууп таркатуу маалында полиция 4 миңдей киши кармалган. Бул тууралуу ички иштер министри Ерлан Тургамбаев шейшемби күнү билдирди.

Министр 9-13-июнь күндөрү уруксат берилбеген митингдерге чыккан жарандар мыйзамды бузушканын, тартип коргоочуларга элге каршы газ баллону, союл өңдүү каражаттарды колдонбоо жөнүндө буйрук берилгенин айтты.

Тургамбаевдин айтымында, 3 миңдей жаран протокол түзүлгөндөн кийин кое берилген. 677 киши административдик камакка алынып, сотко тартылган. 305 киши административдик айыпка жыгылды.

Министр 9-11-июнь күндөрү 300дөн ашык полиция кызматкери жаракат алганын кошумчалады.

9-10-июнда Нур-Султан жана Алматы шаарларында президенттик шайлоону легитимсиз деп өнөктүктү бойкоттоо чакырыгы менен акциялар өткөн. Бир нече шаарда адамдар кармалган. Адегенде бийлик Алматы шаарында жана баш калаада 700дөй киши кармалганын билдирген.

Укук коргоочулар Ички иштер министрлиги келтирген расмий сан төмөндөтүлгөн деп эсептеп, полициянын аракеттерин иликтөөгө үндөп жатышат.

 

 

Комментарии

  1. I’m really impressed with your writing skills and also with the layout on your blog.
    Is this a paid theme or did you customize it yourself?
    Either way keep up the excellent quality writing, it is rare to see a nice blog like this one these days.

    Also visit my website – website hosting services

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь