«Кыргыз почтасы» ишканасына 18 унаа тапшырылды

218

«Республиканын бардык аймагы боюнча почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу» үчүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына 18 автоунаа тапшырылды. Тапшыруу аземине вице-премьер-министр Замирбек Аскаров  катышты.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, Дүйнөлүк почта уюму тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймагына почталарды жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу” боюнча долбоору колдоого алынып, Уюм 120 миң АКШ долларын бөлгөн. Анын алкагында Уюм «Кыргыз почтасы» үчүн «Лада» үлгүсүндөгү 18 унааны сатып берди.

«Кыргыз почтасы» социалдык төлөмдөр боюнча кызмат көрсөткөн жалгыз оператор болуп саналат. Учурда 460 почта бөлүмү интернетке кошулду. Почта аркылуу республика ичинде, өлкөдөн тышкаркы 7 мамлекет менен акча которуулары жүргүзүлүп жатат. Дүйнөлүк сайттар аркылуу онлайн соода-сатыктар өнүгүп, жөнөтмөлөрдү жиберүү 30% га, Бишкекте 70% га чейин көбөйдү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь