Кытайдын түштүк-чыгышында болгон жер титирөө 12 киши каза тапты. Ал эми 130дан ашык жаран жарадар болду. Күчү 6 баллга жеткен зилзаланын эпкини Сычуань провинциясындагы Ибинь, башка чоң шаарларга чейин жетти. 4 миңдей киши үйлөрүнөн көчүрүлдү, көптөгөн имараттар жабыркады. Жер титирегенден кийин бир нече силкинүү катталган.

Сычуань сейсмикалык жактан алганда Кытайдын эң кооптуу чөлкөмдөрүнүн бири. 2008-жылы май да дээрлик 8 баллга жеткен жер титирөө 87 миң кишинин өмүрүн кыйган, 370 миңи жабыркаган.

Быйыл жыл башында жергиликтүү тургундар «жер титирөөгө газ казуу себеп болуп жатат» деп нааразылыгын билдирип чыгышкандан кийин бийлик ал жерде казуу иштерин убактылуу токтоткон.