Мурдагы президент соттук отурум учурунда көз жумду

129

Египетте демократиялык жолдор менен шайланган алгачкы мамлекет башчысы, мурдагы президент Мухаммед Мурси сот залында каза болду.

Кулатылган лидердин сот жараяны жүрүп жаткан залда алгач абалы начарлаганы, андан соң көз жумганы кабар берилүүдө.

Мухаммед Мурси 2011-жылкы массалык баш аламандык жана айыпкерлердин түрмөдөн качышын уюштурган деген айып боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган. Бирок ал өкүмдү кассациялык сот “далилдер жетиштүү эмес” деп жокко чыгарган. 2013-жылдын июль айынан бери камакта отурган Мурсиге 4 кылмыш иши козголгон.

Экс-президент  сот бийлигине акарат келтиргени үчүн 2017-жылы 3 жылга эркинен ажыратылган.

Төңкөрүштөн кийин камакка алынган Мурси, орто эсеп менен 6 жылдан бери камакта сот иштери жүргүзүлүп жаткан болчу. Ден-соолугу акыркы бир жылда начарлап кеткени маалымдалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь