Осмонбек Артыкбаев Атамбаевге карата каршы көрсөтмө берди

346

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча комитеттин отурумунда айтылды.

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусунда Атамбаевдин Бишкек ЖЭБге көмүр алып келүүгө тийиштиги бар экени жазылган. Экс-президент «Прогресс компани» компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн. Бул айыптоолор мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев көрсөтмө бергенден кийин анык болду.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Атамбаевге тагылган айыптар боюнча тиешелүү мекемелер текшерүү иштерин жүргүзүшү керек деген бүтүмгө токтолду.

Белгилей кетсек, Осмонбек Артыкбаев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча шектүү катары кармалган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь