Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун жалгыз уулу Сердар Бердимухамедов Ахал провинциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Жазылган маалыматтарга караганда, аны аймакка жетекчи кылуу тууралуу буйрукту атасы, президент Гурбангулы Бердимухамедов чыгарды.
Ахал провинциясы – мурдагы Ашхабад облусу болгон. Быйыл январдан бери 37 жаштагы Сердар Бердимухаммедов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал куралдуу күчтөрдүн подполковниги.
2016-жылы президенттин уулу түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. 2018-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары да бир катар кызматтарга дайындалган.
Байкоочулар ал атасы менен коомдук иш-чараларга көп чыга баштаганын айтышууда. Өлкөнүн расмий кабарларында аны “элдин уулу” деп аташат. Аны “Аркадагдын” мураскери деп мүнөздөгөндөр да бар.