Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты Конституциялык палатанын ишине кийлигишип, көрсөтмөлөрдү берчү. Бул тууралуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

“Мен иштеп турган кезде президенттин аппаратындагы аткаминерлер Конституциялык палатанын ишине аралашып, ар кандай жолдомолорду керек болсо кат түрүндө жөнөтүп турчу. Албетте аларда Атамбаевдин колу коюлган эмес. Бирок анын палатадагы өкүлү Мурат Укушевдин кол тамгасы менен келчү. Менде тиешелүү документтер бар. Бирок мыйзамдын бир дагы нормасында президенттин өкүлү болушу керектиги тууралуу айтылган эмес”, — деди Сооронкулова.

Ошондой эле ал 2015-жылы “мындай башаламандыктан тажаганда” журналисттерге ачык интервью берип, бийликке жакпай калгандыктан кызматтан кетирилгенин кошумчалады.

Эске салсак, 2015-жылы Кыргызстандын Соттор кеңеши Конституциялык палатанын соту Клара Сооронкулованы кызматтан четтетүү боюнча сунушу менен президентке кайрылган. Кеңеш мындай чечиминде Баш мыйзамдын “Соттук өзүм билемдик уюштуруу” жана “Судьялардын статусу жөнүндөгү” 28-29-беренелерине таянган.

Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзүлгөн.