Чалдыбардагы топ мушташтын уюштуруучулары кармалды

135

Чалдыбар айылында өспүрүмдөр арасында болгон мушташтын уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 16-июнда түнкү саат 00:30дар чамасында бир нече жаш балдардын ортосунда жаңжал чыгып, жыйынтыгында беш өспүрүм ар түрдүү жаракаттарды алган.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “ээнбаштык” жана “денеге оор залака келтирүү” беренелери боюнча каттоого алынды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жаңжалдын уюштуруучулары катары 19 жаштагы Т.Б. жана Б.Д. аттуу балдар кармалып, учурда Панфилов райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурушат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь