Ысык-Көлдөгү чиркөөдөн иконалар уурдалды

225

Ысык-Көл облусунда чиркөөдөн баалуу тарыхый буюмдарды уурдоого шектүү болгон жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуя 24-майга караган түнү Түп районунда болгон.

Андагы баалуу диний китептер, иконалар, желекчелер жоголгон. Китептер базарда эки миң сомдон сатылып жатканын көргөн адамдар милицияга кабар беришкен.

Бул иш боюнча “Уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Келтирилген зыян бир нече миң сом деп бааланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь