Ысык-Көл областынын Көл-Төр айыл аймагында күйөөсү аялын атып өлтүргөн. Окуя кечээ 16-июнь күнү болгонун облустук милициядан кабарлашты.
Чырдын башы кызганычтан чыгып, 29 жаштагы жаран жубайына ок чыгарган. Алган жаратынан улам 27 жаштагы А.Н. көз жумду.
Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү К.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.