Мадриддик “Реал” командасынын төрт оюнчусу клуб жетекчисинин чечимине каршы чыгышууда. Бул тууралуу Sport.es сайты жар салды. Маалыматка ылайык футболчулар жайкы трансфер алкагында башка клубка өтүүгө каршы болушууда.
Быйылкы сезондо “Реал” 10 футболчуну сатууну чечкен. Алардын арасында Гарет Бэйл, Иско, Лукас Васкес жана Даниель Себальос “Реалдан” кетүүгө каршы болушууда. Бул тууралуу футболчулар жетекчиликке кайрылышты. Мунун тышында оюнчулар 2019/2020-жылкы сезондо толук кандуу ойногонго убакыт сурашууда.
Быйылкы сезон үчүн “Реал” жаңы футболчуларды сатып алууга 300 миллион евро бөлмөкчү.
“Реал” клубунун курамын жаңыртуу жана күчтөндүрүү башкы машыктыруучу Зинедин Зидандын башкы талаптарынын бири болчу. Француз адиси “Реалга” март айынын ортосунда келген.
Быйылкы сезондо “Реал” командасы Чемпиондор лигасы жана Испания кубогунан чыгып калган.
zaman.kg