Ош облусунун Өзгөн районунда 1 млн. 380 миң сомдук алтын буюмдарды уурдаган деген шек менен беш киши кармалды. Алардын экөө мурда терроризм үчүн соттолгондор.

28-март күнү Өзгөн шаарынын тургуну үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 380 000 сом накталай акчасын жана 1 млн. сомдук зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирип, Өзгөн райондук милициясына кайрылган. Ош ОИИБнын маалымат кызматы билдиргендей, иликтөөнүн жыйынтыгында 29-майдан 11-июнга чейин бул ишке шектүү катары 5 киши кармалган. Алардын бири 59 жаштагы Өзбекстандын жараны, калгандары кыргызстандыктар болгон. Үчөө мурда Жазык кодексинин түрдүү беренелери менен соттолгон.

Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда зер буюмдары далил катары табылган. Учурда бул окуя Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Өзгөн райондук соту аларды 2 айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Шектүүлөр Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: