Талас шаарында 90 жаштагы карыя эки күн мурун изделип жаткан. Кечээ ӨКМге 90 жаштагы карыя сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Абышканы издөөгө 17-июнда издөө иштерине жалпы жонунан 20 куткаруучу тартылып, саат 16.20ларда карыянын сөөгү табылган.
Мындан сырткары, Чүйдө Шамшы айылындагы Шамшы суусуна 14 жаштагы бала чөгүп кеткен. Баланы издөөгө жалпы жонунан 55 киши тартылган. Натыйжада кечээ саат 9.15те өспүрүмдүн сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.