Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев премьер-министрге башкаруу түзүмдөрүн реформалоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана тышкы рынокко сатуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган өзүнүн программасы тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, кыргыз айыл чарба продукциясын илгерилетүү жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин санариптештирүү боюнча чараларды ишке ашыруу иштин артыкчылыгы болуп саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, элеттин эмгекчилеринин министрликтин дарегине айткан сын-пикири жөндүү, ведомствонун жаңы жетекчилигинин алдында тармакты өнүктүрүү, заманбап агрардык технологияларды киргизүү, сугат жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарбасы үчүн зарыл шарттарды түзүү, дыйкандарды колдоо маанилүү милдеттери турат.

«Ыйгарым укуктарды толук кандуу ишке ашыруу үчүн сиздерге бардык шарттар түзүлөт жана тийиштүү саясий колдоо көрсөтүлөт. Силер министрликтин түзүмүн оптималдаштырууну камсыздап, таасирдүү жана мобилдүү команданы түзүп, бардык керексиз кайталанган түзүмдүк бөлүктөрдү жоюп, ошол эле учурда суроо-талап эң жогору багыттарды күчтөндүрүшүңөр керек»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча премьер-министр айыл чарба тармагын реформалоо боюнча таасирдүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, өлкөнүн экспорттук потенциалын бекемдөө жана аймактарды өнүктүрүүдөгү айыл чарба чөйрөсүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасаган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: