Абылгазиев ветеринардык көзөмөл тутумун жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү

241

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл чаралары маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы баса белгилегендей, жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин натыйжасынд ветеринардык тутум Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылгандыктан, ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу маселеси маанилүү жана актуалдуу болуп саналат.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдиргендей, бүгүнкү күнү өлкөдө 19 ветеринардык лаборатория бар, алардын экөө Бишкек жана Ош шаарларында – улуттук макамына ээ.

Өкмөт башчы эске салгандай, жаңы ветеринардык лабораторияларды куруу жана жабдуу, учурда иштеп жаткандарын талапка ылайык келтирүү, ошондой эле эпизоотикага каршы чараларды ишке ашырууга быйылкы жылы 130 млн сом бөлүнгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь