Аида Исмаилова: “Чиновниктер бюджеттен уурдаган акчаларга бизнес түптөшөт”

192
Көптөгөн аткаминерлердин бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Аткаминерлер мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жумшоонун кыныгын алып алышкан. Алар министрликтер менен мекемелерге жетекчи болуп келээри менен бюджеттик каражатты жырып алат дагы, жазага тартылбастан уурдалган акчаны уучтаган бойдон бизнеске кире качышат. Ошентип, алардын бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт”, – деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, бүгүн  Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп жатат. Анда Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь