“Антыңарга бекем туруп, иштеп бергиле!” Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди (сүрөт)

242

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Анда Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматына келген Самат Кылжыев, Экономика министри Санжар Муканбетов; Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Эркинбек Чодуев; Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев; Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдер ант беришти.

Мамлекет башчы жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн бүгүнкү өмүрүндөгү маанилүү окуясы менен куттуктап, “Ант бул – элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик. Аны эч качан унутпагыла! Антыңарга бекем туруп, иштеп бергиле!” – деп бардыгына ийгиликтерди каалады.

Сооронбай Жээнбеков мындан тышкары, өлкөдө эл аралык саясий мааниси чоң окуя өткөндүгүн эске салып, ШКУ саммитин ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. Бул иш-чаралар Кыргызстандын аброюн эл аралык деңгээлде көтөрдү. Элибиздин биримдигин, намыстуулугун, мекенчилдигин дагы бир даңазалады деди.

Иш-чарага Төрага баш болуп бир катар депутаттардын катышкандыгын кошумчалап, аларга ыраазычылыгын айтты.

Президент сөзүнүн аягында, депутаттарга кайрылып ” алдыдагы шайлоочулар менен болгон жолугушуу иштиктүү өтсүн, андан кийинки эс алууда жакшы эс алып келгиле! Сиздерди абдан чоң иштер күтүп турат!“,- деп жыйынтыктады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь