Атамбаевдин уулу Сейтек: “Сооронбай Шарипович өтө сабырдуу болчу, азыр деле ушундай”

248

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу өзүнүн пикирин социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анда ал атасы менен азыркы президенттин достугу жана Жээнбековдун жөнөкөйлүүлүгүн жазган.

“Мен Сооронбай Шариповичти 1995-жылдан бери тааныйм. Ошол жылы атам экөө тең Жогорку Кеңештин депутаты болуп, калың журт тараптан шайланып келишкен.

Мен анда мектепти аяктап, көп достордон башым чыкпай жүргөн убак эле. Атам менен Сооронбай Шариповичтин достугуна чын дилимден суктанаар элем. Бири бирине болгон мамиле башкача болчу. Бул тема (достук жана азыркы абал) тууралуу кененирээк өзүнчө жазам.

Азыр болсо Сооронбай Шариповичтин болгон мүнөзү тууралуу жазгым келди.

Жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, ар бир сөздү жерден алган адам катары билем. Саясатка биз аралашпасак дагы ар кандай, кыйын күндөрдү чогуу өткөрдүк. Ишенсеңер саясатчынын үй-бүлөсү болуу өтө кыйын. Ошол кыйын күндөрдө да бири бирине жөлөк-таяк болуп, саясаттын ысыгына жана суугуна бирдей туруштук берип келишти. Сооронбай Шарипович ошол мезгилде дагы өтө сабырдуу болчу, азыр деле ушундай. Акыркы жолугушуубузда Сооронбай Шарипович мага:

“Эки бир тууган, эки дос таарынышса дагы бул жагдай үй-бүлөлүк мамилеге таасирин тийгизбеш керек,”-деп айтканы эсимде”,- деп пост калтырды Сейтек Атамбаев.

Комментарии

  1. Hey there! I realize this is sort of off-topic however I had to ask.
    Does operating a well-established website like yours take
    a lot of work? I’m brand new to blogging but
    I do write in my diary on a daily basis. I’d like to start
    a blog so I can share my personal experience and thoughts online.
    Please let me know if you have any kind of recommendations or tips for
    brand new aspiring bloggers. Appreciate it!

    My webpage; cheap flights

  2. This is the right web hosting service site for everyone who really
    wants to find out about this topic. You realize so much its almost tough to argue with you (not that I
    actually will need to…HaHa). You certainly
    put a new spin on a subject that’s been discussed
    for decades. Wonderful stuff, just excellent!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь