Бизнес-акыйкатчысы болуп Робин Орд Смит  шайланды

219

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп Робин Орд Смит шайланды. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты.

Бизнес-акыйкатчыны Байкоочу кеңеш тандайт. Анын курамында өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү бар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Буга чейин Робин Орд Смит Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болгон. Ал учурда бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып, кыргызстандын экономикасын өсүшүнө көп салым кошкон.

Бул кызматка Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулу Ахметова да ат салышкан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь