Бир күндө 15-20 жасалма документ берип келген кылмыштуу топ кармалды (видео)

219

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жасалма төлөм документтерин жасаган кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул кылмыш топ Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөр карантини Департаментинин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, фитосанитардык сертификаттарды жана башка документтерди жасалмалоо менен алектенген.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген мамлекеттерден айыл чарба азыктары ташылып келип, аларга жасалма документтер жасалып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар катары тийиштүү салыктар төлөнбөй экспорттолуп келген.

14-июнь күнү аталган кылмыш тобуна кирген 4 жаран кармалган. 16-июнь күнү алар №1 Тергөө абагына киргизилди.

Аталган топ бир күндө 15-20 жасалма документ топтомун берип келген. Болжол менен мындай бир топтом документтин баасы 5 миң сомду түзгөн.

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгы текшерилүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь