Бюджетке байланыштуу 2 миң 425 мекеменин иши текшерилди

316

2018-жылы мамлекеттик органдарга аудит жүргүзүлуп, жыйынтыгында 2 миллиард 321 миллион сом көлөмүндө каржы тартибин бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште жыйында билдирди.

Мариповдун айтымында, 1,5 миллиард сом ордуна коюлуп, каражаттардын кайтарымы 90 пайызды түздү.

«Өткөн жылы  Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик бюджетке байланыштуу 2 миң 425 мекеменин иши текшерилди. Мамлекеттик бюджеттин резерви менен жоготуусу 13 миллиард 236 миллион сом өлчөмүндө болду», — деди жетекчи.

Ошондой эле, аудит жыйынтыгында каржы ишин жакшыртуу багытында 476 эскертүү жана 123 сунуштама берилип, өкмөткө 18 сунуштама жөнөтүлгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь