Догоев кагазды карабай ант берем деп жаңылып калды (видео)

406

Бүгүн 19-июнда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Анда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрага кызматына дайындалган Дастан Догоев ант берип жатып жаңылып калды. Сыягы, ал жазууну окубай оозеки айтууга аракет кылган. Догоев парламентте отургандардан кечирим сурап, ал кайра кагаздан башынан окуп ант берди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь