Былтыр өз үйүн таштап кеткендердин саны мурдагы жылга салыштырмалуу 2,3 миллионго өскөн. Мындай маалыматты Бириккен Улуттар Уюмунан билдиришти.
Андагы маалыматка таянсак, 2018-жылдын аягында дүйнө боюнча 25,9 миллион качкын, 41,3 миллион ички мигрант жана 3,5 миллион селсаяк катталган.
Жалпы эсеп боюнча 70 миллионго жеткен. Ага үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, өлкө ичиндеги чыр-чатактар, эл аралык касташуулар, ошондой эле адам укугунун бузулушу себеп болгон.
Качкындардын үчтөн экисин 5 өлкөнүн жарандары түзгөн. Алар: Сирия, Ооганстан, Түштүк Суданна жана башка өлкөлөр болгон.