Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоого 75 млн сомго тендер жарыяланды

219

Мамкаттоо улуттук жана эл аралык үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо боюнча 75 млн. 364 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында жазылат.

Эске салсак, 10-июндан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктү поликарбонаттан эмес, картондон бере баштаган. Бул убактылуу гана болуп саналат. Мындай күбөлүктөр октябрь айына чейин берилмекчи.

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 1-январдан тарта бланктарды ата мекендик гана өндүрүштөн сатып алууга мүмкүн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь