Жолдошбаев: “Карыпбеков кеткенде КТРКдагылар түлөө өткөрүптүр”

259

Жогорку Кеңештин депутаты “Илим Карыпбеков кызматтан кеткенде тай союлуп, түлөө өткөрүлүптүр. Сизге кандай устукан тийди?”-деди.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевге: “КТРКнын директору Илим Карыпбеков кызматынан кетип жатканда корпорациянын кызматкерлери тай союп, түлөө өткөргөн экен. Сиздерге кандай устукан тийди?” деп сурады.

Анда төрага “Бул чындыкка жакындыгы жок, жөн гана ушак. Эч ким тай союп, түлөө өткөргөн эмес, жамаатта да андай болгон жок”, – деди Жекшеев.

“Сизди чакырган эмес. Ал жакка бардыгынын барганын далилдеген сүрөттөр бар. Сизди эмнеге чакырмак эле, туура эмес жүрсөңүз”- деди эл өкүлү.


Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчёту угулууда. Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь