Кайсы мекемеде каржы бузуулар көп болот?

Бишкек мэриясы мамлекеттик бюджетке зыян келтирген учурлар жана каржы бузуулар көп болот. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2018-жылы аткарган иши боюнча маселени карап жаткан депутаттарга Улукбек Марипов кабарлады.

“Каржы бузуулар боюнча эң биринчи орунда Бишкек шаардык мэриясы турат, 417 миллион сом, экинчи орунда “Түндүк электр” ишканасы 251 миллион сом, үчүнчү орунда Транспорт жана жолдор министрлиги 242 миллион сом”, – деди Марипов.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь