Кыргыз-тажик чек арасында абал жакшы

101

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралууЧек ара кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары калкка түшүндүүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Чек ара өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгон соң, курулуш иштери токтотулган. Учурда районда абал туруктуу деп маалымдашты.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районундагы Там-Тумшук айылында жергиликтүү тургундар менен Ходжа-Альо айылынын тургундары арасында жаңжал чыккан. Жаңжалга 100гө чукул киши катышкан. «Тажикстандын жарандары Исфара-Ворух жолуна асфальт төшөп башташкан. Кыргыз айылдарынын жашоочулары буга нааразы болушкан. Бүгүн буга байланыштуу сүйлөшүүлөр дагы уланмакчы”-деп кошумчалашкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь