Көркөм сүрөт музейинин директорлугуна Шыгаевдин ордуна Жангарачева келди

146

Мира Жангарачева Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.

Мира Жангарачеванын кесиби — тарыхчы. Буга чейин бир катар мамлекеттик , анын ичинде губернаторлуктун орун басары, ЖКдепутаты, вице-премьер-министрлик кызматтарды аркалаган.

Жангарачева Мира Камилевна 1952-жылы туулган. Билими жогорку.

Эске салсак, музейдин буга чейинки директору Юристанбек Шыгаев картиналарды бузуп салгандыгы үчүн кызматынан кеткен.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь