Муздаткычтан табылган жансыз балдардын видеосу боюнча милициялар жазаланды

76

Ысык-Көлдүн Түп районунда муздаткычтын ичинде камалып каза болгон балдарды тарткан видео боюнча милициялар жоопко тартылды. ИИМден билдиргендей, балдарды таап алган учурдагы видео тарап кеткендиги үчүн 3 милиция жазаланды. Алар жоопкерчиликсиздигинен жана шалаакылыгынан улам кызматынан эскертүү жана сөгүш алышты.

Эске салсак, 3-июнда Михайловка айылында 4 жана 6 жаштагы бир туугандар эски муздаткычка кирип, андан чыга албай каза болушкан. Тумчугуп калган балдардын жансыз денесин бир нече убакыттан кийин табышкан. Муздаткычтан алып чыгып жаткандагы видео интернетте тарап кеткен.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь