Салык кызматы кыркы жыл башынан бери бюджетке 9 млрд 166,1 млн сом кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылган. Бул тууралуу салык кызматынын өкүлү Чынара Мамырбаева билдирди.
Маалыматка караганда, түшкөн акчанын ичинен импортко 6 млрд 536,4 млн сом, импортко акциз 2 млрд 529,8 млн сом.
Ошондой эле, транспорттук көзөмөлдөөнүн жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары аркылуу автоунаа менен киргизилген товарлар боюнча 45 миң 384 коштоочу документ толтурулган. Ал эми аймактык салык органдары тарабынан коштомо кагаздардын реестрлери боюнча маалыматтарды тескеп-башкаруунун жүрүшүндө жалпы республика боюнча 111 субъектте 71,6 млн сом суммасында импортко КНС кошумча эсептелген, анын ичинен бюджетке 11,1 млн сом өндүрүлгөн.
Азыркы күндө дагы товарлардын ар кандай түрлөрүн импорттоо менен алектенген башка ишкердик субъекттер боюнча изилдөө иштери улантылылып жатат.