Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту

213

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы кытайлык окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Биринчи жолу былтыр Бишкекте, кийин Пекин шаарында жолугуп, кыргыз-кытай тарыхы тууралуу кеңири баян курдук. Андан бери бир нече айдын ичинде сиздер тараптан көптөгөн жаңы маалыматтар жана кыргыз тарыхын далилдөөчү андан ары дагы миң жылга чейинки маалыматтар табылды. Биз бул табылгалар үчүн өтө чоң кубанычтабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал чогултулган материалдар илимий негизде, академиялык басылмадан жарык көрүп, аларды кеңири таркатуу зарыл экенин билдирди.

Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарых изилдөө институтунун кытай чет эл менен байланыш тарыхын изилдөө бөлүмү жана Евразия борборунун директору Ли Цзиньсю академия тарабынан кыргыздардын тарыхы жөнүндө басылып чыгарылган китеп Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз аларга болгон колдоосунун аркасы менен ишке ашканын белгиледи.

Кытайлык окумуштуулар Президентке кыргыздардын тарыхы жөнүндө чыгарган китебин белекке беришти. Мамлекет башчысы жолугушууга келген окумуштууларга символикалуу белектерди тапшырды.

Эске салсак, архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык маселесин 2018-жылы июнь айындагы КР Президентинин Кытай эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери талкуулашкан болчу.

Ошол эле жылдын август айында Кытай окумуштууларынын ушул эле тобу менен Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жолугушкан. Анда кыргыз тарыхына тиешелүү архив документтерин чогултуу жана которуу маселелери талкууланган. Мамлекет башчысы «Мурас» фондуна кыргыз элинин тарыхына тийешелүү КЭРдеги архивдик булактарды изилдөө үчүн кытай тарап менен кызматташууну улантууну тапшырган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында жаңы табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылган.

Мындан тышкары, кытайлык окумуштуулар жазма булактарды иликтөөнүн жыйынтыгында Манчжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик документтерди табышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь