Ташиев: “Эгер Матраимовдун күнөөсү болсо жоопко тартылмак”

263

Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын туугандарына байланыштуу соңку журналисттик иликтөөлөр тууралуу пикирин жергиликтүү гезиттерге билдирди.

“Матраимовдор боюнча “Бешинчи каналда” материал жарыялангандан кийин мен баары бир өз оюмду айтып коюуну чечтим. Ага чейин бул теманы “Азаттык” көтөргөн болчу. Анда Али Токтакуновдун айткан сөздөрү жалган. Буга ким жооп берет? Адамга жалаа жабуу аракети эмне үчүн жазасыз калышы керек? Жакында эле хирург Сабырбек Жумабеков Матраимов тууралуу жакшы сөз айтып койсо, аны “душман” көрүп калышты. Райымбек Матраимовдун кайрымдуулук иштери элге жакшы маалым. Андай иши өтө көп. Азыр эми мени да түрдүү фейктер жана “дүжүр” адамдар каралап баштаса керек. Бирок мен андан коркпойм. Элге чындыкты айтып коюуну милдетим деп билем”, – деген маекте Ташиев.

Ошондой эле, мурунку депутат “Матраимов күнөөлүү болсо, анда эбак эле мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылмак,”-деп кошумчалады.

“Журналисттердин жасалма документтери эмес, анын айыбын далилдеген документтер чындап бар болсо, аны жоопкерчиликке тартпай коюшмак беле? Мындай болсо, анда мен биринчилерден болуп аны жоопкерчиликке тартууга чакырмакмын. Далил бергиле, көрсөткүлө, алар жок болсо, анда анын бүт үй-бүлөсүн кошуп каралоо, аларга жалаа жабуу – адилетсиз. Мен эч кимди коргобойм, болгону өз пикиримди жарыялап коюуну туура көрдүм”, – деген Камчыбек Ташиев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь