Түркиянын Трабзон шаарында сойкулук менен алектенип жүргөн кыргыз кыздар кармалды. Бул туурасында түрк басылмалары жазып чыкты. Атайын операцияга жалпысынан эки жүзгө жакын полиция кызматкери тартылып, жыйынтыгында 28 чет элдик кыз-келин кармалган. Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында Кыргызстан (3), Россия (4), Азербайжан(5) жана Өзбекстандын (2) жарандары болгон.
Полиция аларды камакка алып, учурда сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.