Индиянын түндүк-чыгышындагы Музаффарпур аймагында энцефалит илдетинен каза болгон балдардын саны 128ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Жазылган маалыматтарга караганда, азыр дагы 450 бала ооруканада дарыланууда. Аталган оорунун келип чыгуусун күндүн күндун катуу ысыгына байланыштуу.
Энцефалит оорусу -мээнин сезгенүүсүнөн пайда болгон илдет.
Кошумчалай кетсек, Индиянын Бихар штатында көптөн бери абанын температурасы 40 градустан түшпөй жатат. Ысыктын кесепетинен 70тен ашык чоң киши каза болгону айтылууда. Ал эми бул өлкөнүн борбору Нью-Делиде 17-июнь күнү абанын температурасы 50,8 градуска чейин көтөрүлүп, Индия тарыхындагы эң жогорку температураны көрсөткөн. Ал эми синоптиктер болсо, мындай жогорку температура дагы созулаарын билдиришкен.