670 кг баңгизат менен Кыргызстандын унаасы Германиядан кармалды

169

Германиянын укук коргоо органдары чек арадан ири өлчөмдөгү баңгизат аткезчилигин кармады. Бул тууралуу немец басылмасы жазды.

Маалым болгондой, Польшадан Германияны көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаадан 670 килограмм баңгизат алынган. Айрым маалыматтарда Германия менен Польшанын чек арасында жайгашкан Франкфурттан баңгизатты алып өтүүгө аракет кылган унаа Кыргызстандыкы болуп чыккандыгы айтылат. Бирок унаанын номери Грузияга таандык деп жазылган. Баңгизат түрк таттууларынын ичине жашырылып салынган.

Ушул күнгө чейин Германияда аныкталган эң ири өлчөмдөгү баңгизат болду. Баасы 40-50млн еврону чапчыйт “- деген жергиликтүү укук коргоо органдары.

63 жаштагы түркиялык айдоочу кылмышка шектелип камакка алынды.  Ал эми өзү наркотик алып бара жаткандыгын билбегендигин айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь