Ала-Белде жүк ташуучу унаа кулап, айдоочусу мүрт кетти

393
Бишкек- Ош жолунунда оор жүк ташуучу унаа трассадан чыгып кетип Чычкан дарыясына кулады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Кырсыгы бүгүн эртең менен саат 07:40та Ала-Бел ашуусунда болгон.
“Рулда Кара-Балта шаарынын 52 жаштагы тургуну болгон. Ал Бишкектен Жалал-Абад шаарына 15 тонналык цистерна менен жаратылыш газын ташып бараткан. Жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип Чычкан дарыясына кулап, айдоочу ошол жерден мүрт кеткен,” деп айтылат маалыматта.
Жол кыймылынын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери билдиргендей газ сыртка чыккан эмес.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь