Аткезчилик жол менен товар алып келгендер кармалды

142

19-июнда «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 миллион сомдук аткезчилик жол товар алып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстандан товарды алып келе жаткандар казак жарандары болгон.  «Honda-Stepwagon» үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүүгө алганда, ичинен «Avon», «Faberlic» фирмаларына таандык 35 куту парфюмерия чыккан. Унаанын айдоочусу товардын коштоочу документин көрсөтө алган жок. Аткез товардын баасын аныктаганда 1 миллион сом болгон.  

Бул иш боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь