Башка атып кеткен депутаттын сөөгү үйүнөн табылды

104

Украинада депутатты башка атып кетишти. Бул тууралуу  РИА “Новости” жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Украинанын Жогорку радасынын “Элдик фронт” фракциясынын депутаты  Дмитрий Тымчук башына атылган октон каза болгон. Аны тастыктап Украинанын Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөсү Антон Геращенко өзүнүн Twitter-аккаунтуна жазган.

“Эл өкүлүнүн сөөгүн үйүнөн анын жубайы көрүп калып полицияга кабарлаган. Тымчук өлтүрүлгөн тапанча анын жанынан табылды. Бирок,  депутат курал тазалап жатканда каза табышы мүмкүн”-деп билдирген.

Ал эми Украинанын полициясы “атайлап адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь