Бүгүн Ички иштер министрлигинин алдындагы милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы кабарлады.
Жазылган маалыматка ылайык, быйылкы жылы ИИМдин Академиясын 118 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана лейтенант наамын алышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 15и кыздар. Ал эми үчөө артыкчылык дипломдорун алышты.
Саамалыкка катышкан ИИМ министри Кашкар Жунушалиев бүтүрүүчүлөрдүн алдында чоң жоопкерчилик турганын белгилеп, аларга ийгиликтерди каалады.