Владимир Путин: “Орусия санкциядан 50 миллиард доллар жоготту”

106

Оруияга ага санкция киргизилген 2014-жылдан тарта 50 миллиард доллар, Европа биримдиги 240 миллиард доллар жоготкон. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин калк менен болгон түз байланышта билдирди.

“Орусиянын экономикасына санкциялардын алып салынышы эмне берет”деген суроого “бул эмне берет же бербейт, же биз эмне жоготуп жатабыз? Карап көрөлүчү,” деген.

“Эксперттик маалыматтарга караганда, Орусия бул жылдары 50 миллиард доллар албай калды. Европа биримдиги 240 миллиард, ал эми АКШ 17 миллиард доллар жоготту. Алар менен биздин соода байланыш анча деле көп эмес. Япония 27 миллиард доллар акчадан кол жууган”, — деп билдирди лидер.

Путин санкция аталган өлкөлөрдүн экономикасына өзүнүн таасирин тийгизип жаткандыгын, ал эми Евробиримдик орусиялык рынокту жоготуп баратканын кошумчалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь